Тажрыйбалуу эксперттер Ысык-Көл фермерлерине күнөскана шартында экологиялык таза жашылчаларды өстүрүүнү үйрөтүүдө.

Автор: Super User. бөлүм Жаңылыктар

Тажрыйбалуу эксперттер Ысык-Көл фермерлерине күнөскана шартында экологиялык таза жашылчаларды өстүрүүнү үйрөтүүдө.

Күнөскана долбоору Ысык-Көлдө 2013 жылынан бери ишке ашып келүүдө. Долбоорду "АВЕП"  Коомдук фонду ишке ашырат жана "КУМТӨР" КОМПАНИЯСЫ КАРЖЫЛАЙТ. Долбоордун алкагында 11 күнөскана социалдык мекемелердин базасында курулду. Алар: Ысык-Көлдөгү балдар бакчалары, балдар үйлөрү, мектептер жана кесиптик-техникалык лицейлер. Андан сырткары, 7 жеке фермер күнөскана  курууга кредит алды жана учурда иштетип жатышат. Белгилеп кетчү жагдай, бул ар жылы күнөскананы куруп иштетүүгө кызыккан кишилердин саны көбөйүүдө. Ар жылы "КУМТӨР" каржылыгы аркылуу, долбоорго тажрыйбалуу эксперттер чакырылып турат.

20150918 142923

2015 жылынын сентябрь айында, SES (Senior Expert Service) менен түзүлгөн эки-тараптуу келишимдин негизинде долбоорго күнөскана боюнча Германия өлкөсүнөн эксперт чакырылды. Эки тараптуу кызматташуу келишиминин негизинде, экспертке социалдык мекемелеринин агрономдорун жана жеке фермерлерди окутуу тапшырмасы берилди. Койулган тапшырманын негизинде, Балыкчы жана Ананьеводо 6 күндүк тренинг болуп өттү.20150922 092326

Тренинг учурунда катышуучулар экологиялык таза жашылчаларды өстүрүүдө алгачкы заманбап технологиялар жана традициондук технологиялар менен таанышышты. Өзгөчө табияттын ар кандай шарттарында топуракты эффективдүү анализдоонун жолдорун үйрөнүшүштү. Жалпы тренинге 35 катышуучу келип окуудан өтүштү.

20150921 095837

20150922 115137

Кесиптик шыктар ар дайым практикалык иш-чаралар менен коштоп туруу керек. Ошондо гана жыйынтык жакшы болот. "КУМТӨР"дун бизге көрсөткөн жардамы жана ушундай жакшы шарттарды түзүп берип жаткандыгы үчүн терен ыраазычылык билдиребиз, деп Тон районунун, Конур-Өлөң айылынын тургуну Жапарова Аида белгилеп кетти.