Фермерлер үчүн мүмкүнчүлүк

Автор: Super User. бөлүм Жаңылыктар

«Кумтөр» компаниясы тарабынан каржыланган «КАРАГАТ+» программасынын алкагында жергиликтүү фермерлер үчүн күнөскана иштетүүгө Ысык-Көл жергесинде жергиликтүү кредиттик уюмдар (Жети-Өгүз Финанс, Тон-Финанс, Балыкчы-Финанс) менен жеңилдетилген насыялар берилип келүүдө. Бирок каражаттын жетишсиздигине байлашынтуу баардык каалоочулар үчүн насыя мүмкүнчүлүгү чектелип келген. Күнөскана курсун окуп бүтүп насыя алууга кезекте турган фермерлер көбөйгөн.
Жакынкы арада «АВЕП» коомдук уюму тараптан Айыл Банк кызматкерлери менен сүйлүшүүлөр жүргүзүлүп кызматташуу келишими түзүлдү. Кызматташуунун негизинде Айыл Банкы Россиялык Өнүктүрүү Фондунун каржылоосунун негизинде фермерлерге күнөскана иштетүүгө, сактоочу жайларды курууга, тамчылатып сугарууну колдонууга 5 жылдык мөөнөткө чейин жылдык 12% менен насыяларды сунуштап баштады. Ал эми «АВЕП» уюму «КАРАГАТ+» программасынын алкагында Ысык-Көлдүк фермерлерге кеңеш берүү, окутуу аркылуу өз колдоосун көрсөтмөкчү.
« Бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көл аймагында долбоор алкагында 20дан ашык күнөскана курулду жана күнөскана иштетүүнү каалаган фермерлердин саны күн санап өсүүдө. Айыл банк тарабынан түзүлүп жаткан бул мүмкүнчүлүк фермерге жакшы саамалык жаратууда» - деп белгиледи өз сөзүндө долбоордун координатору Нурлан Батракеев.