Балтабай айылында «Кут» фермердик тобу ийгиликтүү иш алып барган ынтымактуу жамааттардын бири.

Автор: Super User. бөлүм Жаңылыктар

Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Балтабай айылында «Кут» фермердик тобу ийгиликтүү иш алып барган ынтымактуу жамааттардын бири. Аталган топто 15 аял бар жана алар кайсыл ишти колго алышса дагы биргелешип иштешет. Фермердик топко 2018-жылдын август айында Финландиянын Астана шаарындагы Элчилиги колдоого алган «Күн кубаты менен иштеген как кургатуучу жабдууларды берүү менен айылдык аялдардын жашоо-шартын жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу» долбоорунун алкагында как кургатуучу жабдуу берилген. Жамаат мүчөлөрү айылга келген жабдууну ырааттуу иштетип, күзгү түшүмдү коромжуга учуратпай, как кургатуу иштерин жакшы жүргүзүп келишет.
Как кургатуучу жабдууну айылдагы «Бал Таттуу» балдар бакчасынын короосуна күн жакшы тийген жерге орнотушкан.
«Жабдууну алгандан бери 1000 кг мөмө-жемиштен как кургатып алдык. Балдардын өнүүгүсүнө кактын компоту аябай пайдалуу экен. Бала бакчанын керектөөсүнө жетип, андан ашканын мектептерге да берип жатабыз» - дейт топтун лидери Бактыгүл Каманбаева.

DSC 0547

DSC 0566

DSC 0745