Дары өсүмдүктөрүн кургатып, киреше табууну көздөшүүдө

Автор: Super User. бөлүм Жаңылыктар

АВЕП коомдук фонду ишке ашырып жаткан «Күн кубаты менен иштеген как кургатуучу жабдууларды берүү менен айылдык аялдардын жашоо-шартын жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу» долбоорунун алкагында Тоң районуна караштуу Шор-Булак айлындагы «Керемет» фермердик тобу да как кургатуучу жабдуу алышкан.

«Долбоор аркылуу алган күн нуру менен как кургатуучу жабдууга мөмө-жемиштен сырткары дары өсүмдүктөрүн, ит мурун, бөрү карагат, календула, ромашкаларды кургатсак абдан сапаттуу кургады. Колго кургатканда булар үбөлөнүп түшүп калчу. Как кургатуучу жабдууга кургатканда ар бири өз өзүнчө болуп сапаттуу, жашылы жашыл, сарысы сары болуп аябай сапаттуу кургайт экен. Ошондуктан топтун мүчөлөрү биргеликте көлөмүн көбөйтүп, сатыкка чыгарууну пландап жатабыз»- дейт, топтун лидери Мамакеева Динара.

1 1

1 2

1 3