Фермердик топтун мүчөлөрү өз алдынча как кургатуучу жабдуу алууну пландоодо

Автор: Super User. бөлүм Жаңылыктар

“Биздин топко 15 кыз-келиндер мүчө. «АВЕП» коомдук фонду “Энергияны үнөмдөөчү как кургатуучу жабдууларды жайылтуу менен айылдык аялдардын кирешесин жогорулатуу” долбоору алкагында бизге как кургаткан жабдуу беришти. Күзүндө өрүк, алма, алмуруттан как кургатып алдык. Топтун ар бир мүчөсү кышында сатыкка чыгарууга көбүрөөк как кургатып алууну каалашты, тилекке каршы кезекти көпкө күтүүгө туура келип, убакыттан уттуруп койдук. Быйыл дагы 1 жабдууну өз күчүбүз менен алууну пландап жатабыз.

Кургатылган какты мектеп, бала-бакчалар алып, өсүп келе жаткан балдарыбыз витаминдуу компот менен камсыз болушту.
Биздин фермердик топтун мүчөлөрү ушул долбоорду алып келип, как кургатуу менен киреше табууга жол көрсөтүп берген «АВЕП» коомдук фондусуна жана демөөрчүлүк көрсөткөн Финландия мамлекетинин Астанадагы Элчилигине абдан ыраазыбыз”- дейт Ысык-Көл районунун Корумду айылындагы «Ак Бермет» аялдардын фермердик тобунун лидери, Койгелдиева Айнагүл.

1 1

1 2

1 3

1 4