«Темир-Бакыт» питомниги кенейуудо

Автор: Super User. бөлүм Жаңылыктар

2013-жылы КАРАГАТ+ долбоорунун алкагында Темир айылында фермерлер Деркембаев Олжобек, Маразыков Бегалы, Жангиров Бакыт биргелешип, «Темир-Бакыт» питомнигин уюштуруп, 40 сот жерге, долбоор алкагында берилген момо-жемиштердин кочотторун остуруп башташкан. Долбоор алкагында тренинигдерден отуп, тажырыйба алмашуу визиттери менен иштеп жаткан питомниктерге жана Польшага чейин барып, келишти. Тажырыйба топтоп, алган билимдери менен бугунку кундо ар ким оз алдынча питомник уюштурушту. Маразыков Бегалы 1,8 га, Деркембаев Олжобек 1 га жерди оздоштуруп, момо-жемиш жана карагайлардын да кочотторун остуруп жатышат. Темир айылында уюштурулган питомник бугунку кундо кулачын жайып, ийгиликтуу иш алып барууда жана оз кардарларын тапты.

«2016-жылы, суу келбей, иштетилбей калган жерге Бегалы ава , кол менен 700 м арык казып, суу тартып келип 1,8 га жерди оздоштуруп, питомник уюштурду. Мага да кенеш берди, жанында бош жаткан 1 га жерди мен да оздоштуруп, питомник уюштурдум. Бегалы ава тартып келген арыктан мен оз жериме суу тартып алдым. Биргелешип свет да тарттырдык. Ошончо жерди уй-булобуз менен кол менен иштетип жатабыз. Питомникти иштетуу, айтканда оной болгону менен, абдан коп эмгек талап кылды. Ырыс алды ынтымак дегендей, эки уй-було бири-бирибизге эриш-аркак болуп, ийгиликтерге жетишип, уй-булобузго жетишээрлик каражат таап калдык»- дейт, фермер Деркембаев Олжобек.

1 1

1 2

1 3

1 4

1 5

1 6